Menu

Экс-спикер Дастан Жумабековго карата кылмыш иши козголгонбу?

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековго карата Талас облусунда добуш сатып алды деген айып менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзө баштады.  Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.

Сотко чейинки тергөө иштери КРын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүмү (добуштарды сатып алуу) боюнча башталган.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда социалдык түйүндөргө “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн.  Дастан Жумабеков парламенттин төрагасы жана “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер болуп, региондорго болгон иш сапарынын алкагында Талас районундагы жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом берген. Алгач ал бул акчаны өздүк каражаттарынан бөлгөн деп айтылып, кийинчерээк төраганын фондунан берилген деп жарыяланган. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: