Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүндөгү кырсыктан жаракат алган 11 жаштагы бала эсине келди. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жандандыруу бөлүмүнөн нейротравматология бөлүмүнө которулду. Дарылоо уланууда.
Эскерте кетсек, 24-августта түштөн кийин Бишкек шаарынын Чолпон-Ата көчөсүндөгү Ички иштер министрлигинин академиясынын жанында “Субару” унаасы каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу фураны сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, анын ичинде жаш кыз, 30 жаштагы айдоочу А.У. жана 36 жаштагы жүргүнчү А.Ж.лар болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ