Menu

БШК “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы” Коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан баш тартты

Бөлүшүү:
БШКга “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы”  Коомдук бирикмесинен арыз түшкөн.  Өзүнүн  кайрылуусунда  арыз  ээси,  2017-жылдын 29-сентябрында «akipress.org» маалымат агенттигинин интернет-баракчасындагы маалыматта КР ЖК депутаты И.Өмүркулов  массалык иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына бир талапкерди колдоого ачык эле үгүт жүргүзүлгөнү белгилүү болгон.  Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
Арыз берүүчүнүн ою боюнча, Кыргыз Республикансынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” (мындан ары конституциялык Мыйзам) КР конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүмүн бузуу орун алган.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн шартта арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты И.Өмүркуловду административдик жоопко тартууну суранып, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековго карата чара көрүүнү  суранган.
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын жана шайлоочулардын арыз жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда  шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча 2017-жылдын 3-октябрындагы  жумушчу топтун биргелешкен заседаниесинде берилген арыз каралды.
Эки Жумушчу топтун биргелешкен  чечими менен “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы” Коомдук бирикмесинен Президенти Б. Керимбековдун  арызын канааттандыруудан баш тартылды.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу олргандарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок.
Ошентип, конституциялык Мыйзам тарабынан мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы  эмгек мыйзамында, келишимдин негизинде же ыктыярдуу кошулуушунун негизинде өндүрүштүк  уюмга көрсотмөгө байланышкан  иштижеке өзүнүн эмгеги менен аткарууга тийиш болгон  адам кызматкер болуп саналат деп каралган.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясына И.Өмүркуловдон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы №289 Буйругунун көчүрмөсү келген, анда 2017-жылдын 28-29-сентябрында ал акысыз эмгек өргүүсүндө болгондугу жазылган.
Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын  Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-беренсин жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 7,18-беренеси менен,  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоочулардын арыз жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда  шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча 2017-жылдын 3-октябрындагы Жумушчу топтун биргелешкен чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан шайлоочулар ассоциациясы”  Коомдук  бирикмесинен Президенти Б. Керимбековдун  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты И.Өмүркуловду административдик жоопко тартуу, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежесин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековго карата чара көрүү  өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: