Menu

Өлкөдө иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуз жарандардын саны 100,0 миңди түздү

Бөлүшүү:

 1-сентябрга карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуз жарандардын саны 100,0 миңди түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча консультацияларды 50782 адам алган. Жумушсуздук боюнча 215 жумушсуз жаранга жөлөкпул дайындалган.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8423 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

Эмгек рыногунун белгилүү-бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 3714 адам жөнөтүлгөн.

Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесипке жүргүзүлгөн. Бул-газоэлектросварщик, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, офис-менеджер, электромонтажник, айдоочу.

Убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 9643 адам жөнөтүлгөн.

Эмгек рыногунда активдүү чаралар менен (коомдук акы төлөнүүчү жумуштар, кесиптик окутуу)  13357 жумушсуз камтылган.

2020-жылдын 1-сентябрь айына карата бош орундардын саны 11993 бирдикти түзгөн. 2692 жумушчу орун суроо-талап кылынбай калган жана бир бош жумушчу орунга 37 адам талапкер болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: