Menu

Азимбек Бекназаров: “Мага кайсы Президенттик? Менин пешенеме кимдир бирөөлөрдү бийликке алып келүү, кетирүү гана жазылса керек”

Бөлүшүү:

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган эскерүү китебин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый окуяларды болгонун болгондой баяндап берген. Биз Бекназаровдун китебинен бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогон айрым урунттуу учурларын үзүндү кылып жарыялоону чечтик.

“Бакиевдик бийлик 2009-жылы 23-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү тууралу чечим кабыл алды…

Отунбаева эжекем менен да бир нече жолу сүйлөшүп: «…Эже, эсиңизде барбы, 2005-жылы март айында Оштон сиз, Кабилова болуп Самейдин (Четинбаев) машинасында келе жатканда: «Эмне Бакиев деп эле ага токтолдуңар, менде деле акча бар» – дедиңиз эле. Мезгил кел­ди. Акчаңызды чыгарыңыз. Президенттикке сизди колдойлу, – дедим тамаша-чынын аралаштырып. Роза Исаковна экөөбүз ар дайым бир туугандай, эже-инидей тамашалашып, ачык сүйлөшөт элек.

Ал: «…Азике, менде кайсы акча болсун, оппозиция дагы кимди колдогону жатасыңар?» – деди кайра мага суроо узатып. Мен ага, – азырынча сизди, дагы эки-үч адамды, анан болбосо ким шайлоонун чыгымын көтөрөм деген акчалууга токтойбуз да, сиз массондордон акча сурабайсызбы? – деп дагы тийишип койдум. Ал: “Ии десең, өзүңчү? Өзүң деле барбайсыңбы шайлоого “, – деди. Мен: – Менин пешенеме кимдир бирөөлөрдү бийликке алып келүү, кетирүү гана жазылса керек апче, сиз турганда мага кайсы Президенттик, – деп дагы тамашаладым. Ал акырында: “Азимбек, биздин партия (СДПК-редакция КТ) бул маселени карап чечет ко, ошого жараша сүйлөшөлү, мейлиби?” – деди.

Уландысы бар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: