Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Секимов Бактыбек Шайыкбаевичке жүктөлдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Бакытбек Секимов учурда 57 жашта, 2016-жылдын февраль айынан тарта аталган министрликтин статс-катчысы болуп эмгектенип келген.
Эскерте кетсек, Маданият маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8- октябрда узака созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ