Menu

Масалиевде “мандем жаралса керек да

Бөлүшүү:

Коомубузда эки аял маселеси абдан кызуу талкууда. Аялы бары, эки аялы бары, атургай үч аялы бары, анан өзгөчө эрге тийеэлек, бирок жашы өтүп кеткен же ажырашып, башы бош жүргөн айымдар так ушул теманын үстүндө катуу «иштеп» атышат. «Даже» бул темага Жогорку Кеңеш да аралашты. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кечээ жакында маек берип: «Эки аял алууга каршымын» – деген пикирин билдириптир. Исхак мырзаны кайсы кара теке сүзгөнү белгисиз. Анткени, 2008-жылдары парламенттеги «Акжолчулар» менен үзөңгүлөш олтурган «Коммунисттер» фракциясынын лидери болуп турганда так ушул Исхак Масалиевдин «жаш токол» алганы уу-дуу болбоду беле?! Муну Исхак мырза тана турган болсо ошол кездеги ММК архивдеринен да караса болот. Кызыгы Исхак мырза жанагы анекдоттогудай «өзү алып алган соң» эч ким менен эсептешпей калабы же аны менен ажы­рашып кеткенден кийин экинчи аял алганга каршы болуп калганбы?! Бул жагы таптакыр түшүнүксүз болуп туру гой, Исхак Апсаматович?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: