Ооганстанда АКШга тиешелүү Баграм аэродромуна жакын жерде мина коюлган эки унаа жарылып, 11 киши жаракат алды. Бул тууралуу ооган аткаминерлери жана НАТО өкүлдөрү кабарлады.
Баграм районунун губернатору Хадджи Абдул Шокур Кудоси жардыруу Кабулдун түндүк тарабында жайгашкан Ян Кадам айылында болгонун билдирди. Анын айтымында, куралдуу топ жардыруудан кийин коопсуздук бекетин талкалап, куралдуу күчтөр менен кагылышкан. Ал окуя болгон жерде атышуу уланып жатканын кошумчалады.
Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Буга чейин да Ооганстанда АКШ жана НАТО күчтөрүнө кол салуу болгон. НАТОнун жетекчилиги алдындагы миссиянын өкүлү Баграмдагы чабуул базанын жанында жашаган оогандыктарга жардам иретинде курулуп жаткан медициналык мекемеге каршы багытталганын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ