Menu

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 тоннага жакын лимон кармалды

Бөлүшүү:

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 107 263 сомдук лимон Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында Ю.Э.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Вольво FH 24T ” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “Шмитц CARGBUL” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 14 764 килограмм болгон лимон табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 1 107 263 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: