Menu

Казакстанда Назарбаевдин кезектеги эстелиги ачылды

Бөлүшүү:

Казакстанда расмий белгиленген Биринчи президенттин күнүндө Талдыкоргондо Нурсултан Назарбаевдин эстелигинин ачылышы болду. Ал учурда өлкөнүн биринчи жана азырынча жалгыз президенти болуп эсептелет. Эстелик Алматы облусунун административдик борбору эсептелген мамлекеттик символдор аллеясынын жанында жайгашкан.

Эстеликти ачуу салтанатына облустук акимчиликтин кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары келишти. Алматы облусунун акими Амандык Баталов Казакстан бардык тармактар боюнча «буга чейин болуп көрбөгөндөй секириктерди президенттин аркасы менен ишке ашырганын» айтты.

Бул Казакстанда тургузулган Назарбаевдин алгачкы эстелиги эмес. Бир нече жыл мурда Нурсултан Назарбаевдин айкелинен турган композиция өлкөнүн биринчи президентинин паркында орнотулган. Астананын борборундагы «Казак эли» монументинде Нурсултан Назарбаевдин томпок айкели жайгашкан. Ошондой эле өлкө башчынын эстелиги Улуттук музейдин залында жана биринчи президенттин Астанадагы китепканасында да бар.

Назарбаевдин эстеликтери чет өлкөлөрдө да тургузулган. Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында казак президентинин колодон жасалган эстелиги турат. 2010-жылы Түркия борбору Анкарада да Назарбаевдин айкели ачылган.

Казакстанда биринчи президенттин күнү 2011-жылы майрамдык күндөрдүн катарына киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: