Menu

Фото – Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри Султан Аль Мансури менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров ушул күндөрү Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри, Кыргыз Республикасы менен БАЭ экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Аль Мансури менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселесин талкуулап, эки тараптуу алаканы мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана БАЭ экономика министри Султан Аль Мансури Бишкек шаарында ушул жылдын март айында өткөн экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын  канааттануу менен белгилешти.

«Күн тартибиндеги жаңы маселелерди түзүү үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын Протоколунун жыйынтыгын жүзөгө ашырууга түрткү беришибиз керек.   Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыттар абдан көп. Бул экономика, соода, айыл чарба, туризм жана авиация чөйрөлөрү. Бул багыттарда кызматташуу аркылуу биз алакабызды мындан дагы тереңдетерибизге ишенем», – деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай эмиратынын Полиция жетекчиси, генерал-майор Абдаллах Халифа Аль Марри менен жолугушту.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинен ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин делегациясынын Дубай эмиратына жасаган сапарында жетишилген макулдашууларды талкуулашты. Бул жакта Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында программалык жабдууларды жана техникалык жардам берүү жөнүндө сөз болууда.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай эмиратынын Полиция жетекчисине Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары үчүн  Дубай эмиратынын Полиция академиясынан акысыз билим алуу укугун берген, атайын жолдомолорду берүү жөнүндө маселени оңдуу карап бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: