Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев өкмөттү, жеке М.Абылгазиевдин өзүн катуу сынга алды. Анын ою боюнча, аткаминерлер бизнесмендер менен инвесторлорду криминалдан коргой албай келет. Натыйжада, ишкерлер Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болууда.
“Мына кандай мыкаачылык менен “Мадина” кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул ишкерлерге, бизнеске карата катуу сокку. Мамлекет, өкмөт өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Криминал кадимкидей баш көтөрүп алды. Азыр акча каражаттарын ири компаниялар гана эмес, орто бизнес да өлкөдөн чыгара баштады. Криминал менен күрөшүү үчүн, кримтөбөлдөр менен уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн камаш үчүн акча керекпи? Саясый эрк керек. Ал бизде жок. Жарым жылдын аралыгында ишкерлер менен бизнесмендер Кыргызстандан 247 млн доллар чыгарып кеткен. Бул президентке каршы саботаж. Көлдө “Осьминог” деген кафени өрттөп салышты, ээсине болсо салык салып коюшкан. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон, милиция коргой албаган. Кайдагы криминал менен болгон күрөштү айтып жатабыз?” – деди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ