Menu

Акылбек айлына акыл айта баштады

Бөлүшүү:

Жашоодо көп адамдар кездешет, сүйлөгөн сөзү башка, кылган иши таптакыр бөлөк. Бул деген «молдонун айтканын кыл, жасаганын кылба» дегендей эле кеп. Биздин коомдо Акылбек Жапаров деген «сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» дегендей эле болгон инсан бар. К. Бакиев доорунда кожоюнга жагынуунун болуп көрбөгөндөй үлгүсүн көрсөтүп, «ваше превосходительство, Курманбек Салиевич!» деген айтылуу фразанын автору А. Жапаров жакында кайсы бир массалык маалымат булагына ушундай бир ширин маек бериптир дейсиң. Өзү чоңоюп-өскөн жеринин асылдыгын, ага болгон сүйүүсүн айтканын окусаң кичи мекени болгон ошол өрөөндөгү элет элин Акылбектей эч ким сүйө алчудай эмес образ жаратыптыр. Укмуштай лирика! А бирок, А. Жапаров Кочкор өрөөнүнө жана ал жердин тургундарына кичине болсо да мисал кылгандай кандай жакшылыктарды кылганын эч эстей албай турабыз? Анткен менен аталган райондун тургундары эле эмес, райондун ар бир айылынын иттери да ушунчалык Жапаровду «жакшы» көрөөрүн сопсонун билебиз! 2015-жылдагы парламентке болгон шайлоо учурундагы үгүт-насаат иштеринде балким Кочкор элине жасаган «жакшылыктары» үчүн туулган жерине бара албай, калың элдин алдында чыга албай, Бишкектин кайсы бир кварталында анча-мынча абышка-кемпирлерди чогултуп алып «агитатция» кылып жүрөт деп чыккан кептер да ошондондур?

Айтмакчы, ушу тапта белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиев аксакалдын туулганынын 100 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлде иш чара өткөрүү боюнча парламентте да, өкмөттө да, коомчулукта да ар кандай маселелер көтөрүлүп жатат. Ал кишини эскерип атканыбыз, 2010-жылдын февралында Кыргызстандагы чыгаан мамлекеттик ишмер, дипломат, биринчи элчи Казы Дикамбаев каза болуп, акыркы сапарга узатуу зыйнатында мамлекеттик комиссиянын жетекчиси болуп дайындалган (ал кездеги) вице-премьер-министр Акылбек Жапаров ошол коштошуу зыйнатынан да саясат жасап, маркум К.Дикамбаев менен бир топ жыл бирге иштеген Турдакун Усубалиевди жаш баладай томсортуп, атайлап ал кишиге коштошуу сөзүн бердиртпей койгону А. Жапаровдун эсинен чыкса да ал окуя айрыкча Кочкорлуктардын эсинен чыга элек. И-ии, койчу, Акылбек Үсөнбековичтин андан башка да не бир жоруктарын айталы. Так что, жасалмалуулуктун да чеги болот го, ия?

Булак: «Айгай-пресс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: