Menu

Экс-мэр Кубанычбек Кулматов: “Бизди отургузуп коюшуңар мүмкүн, бирок жүрөгүбүз эркин бойдон калат”

Бөлүшүү:

4-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимовдун үстүнөн болгон сот иши уланып жатат.

Соттун жүрүшүндө К.Кулматов  Калыс-Ордо конушундагы мектеп курулушу боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Тергөөнүн жүрүшү боюнча 2014-жылы Бишкек мэри Кулматов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында TBEA компаниясы кошумча эки мектеп салууга бөлгөн 2 млн долларлык грантты мыйзамсыз пайдаланган.
“Мен өзүмдүн укугумдан пайдаланып, көрсөтмө берүүдөн баш тартам. Бул жерде күнөөсүз экениңди далилдөө пайдасыз болуп калды. Тергөө мыйзам бузуулар менен жүрдү. Сот залында негизсиз жана жалган айып коюлуп жатат, ойдон чыгарылган айыптар – айкын эле көрүнүп турбайбы. Бизди олтургузуп коюшуңар мүмкүн, бирок жүрөгүбүз эркиндикте калат”, – деди К.Кулматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: