Menu

Бердымухамедов ашык азык-түлүктү чет өлкөлөргө сатууга буйрук берди

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда соода маселелери боюнча вице-премьер-министр Чары Гылыжов президент Гурбангулы Бердымухамедовго чакан жана орто бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана экспортко багытталган өндүрүштү кеңейтүү иштери тууралуу отчет берди.

ТДХ маалымат агенттиги билдиргендей, түркмөн президенти вице-премьер министрге атаандашууга жөндөмдүү өндүрүш үчүн инновациялык технологияларды киргизүүнү тапшырды.

Бердымухамедовдун пикиринде, тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтип, ашык азык-түлүк товарларын сатуу үчүн чет өлкөлүк каналдарды табуу керек.

Жолугушууда Түркмөнстанда азык-түлүктөрдүн кайсы түрү ашык экени айтылган эмес. Көз карандысыз басылмалар болсо акыркы жылдары өлкөдө ун, май, жумуртка, шекер, нан тартыш экенин кабарлап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: