Menu

Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев мынча мүлктү кайсы акчасына алган?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмаз Атамбаев: “мен бийликке, мамлекетти башкаруу иштерине туугандарымы жолоткон жокмун”- деп миң кайталабасын, бирок өзүн тегеректеп жүрген жакындарын бийликке болушунча эле аралаштырганы кечээги айныгыс чындык.

Мамлекетти өзү эле талап-тонобостон, ошол майлуу-сүттүү кызмат орундарын ээлеген жакындары да талап-тоношуп, ири акча жасашып, мүлктөрдү топтошкондуктары бүгүн ачыкка чыгып олтурат. Өздөрү ээлеген кызматтарын тыңгылыктуу аткара алышпаса да, бирок байлык топтоо жагынан алдына эч кимди өткөрүшпөгөнүнө ынанып олтурабыз.

Ар дайым экс-президентти кайтарып жүрүп, анан шефине оомат келгенде түшүндө көрбөгөнүңдө болуп, заматта УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп калган Дамир Мусакеев 2011-жылдан бери укмуш эле байлык топтоого жетишиптир. Мындай байлыкты бизнеси жок, айлыгын караган адам өмүрү өткүчө да топтой алмак эмес. Шефинин бийлигине таянган Дамир Мусакеев бизнесмендерди “крышевать” этип, анан акча айланган объекттерге “доляга” отуруп, айтор, бийликтин күчү менен акча, байлык жасоонун жолун жакшы өздөштүргөн экен.

Бүгүнкү күндө Атамбаев уюштура калган митингдерде карааны көрүнүп, шефинин аракеттерин колунан келишинче колдоого алууга жан үрөп жүргөн Дамир Мусакеевдин 2011-жылдан бери топтогон байлыктарына сиз да көз жүгүртүп коюңуз, окурман.

Дамир Мусакеевдин атасы Мусакеев Сагындыктын наамына катталган мүлктөр:
– Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү №7а дарегиндеги батир, (катталган күнү: 22.10.2015),

– Бишкек шаары, Кеңсуу көчөсү №19 үйдөгү батир (катталган күнү: 07.07.2014),

-Ак-Ордо конушу, Көк-Бел көчөсү №74, жер тилке (катталган күнү 01.07.204),

-Сокулук району, Новопавловка айы-лы, Проектируемая көчөсүндөгү жер тилке (катталган күнү: 18.02.2010),

– Ысык-Көл облусу, Чоң-Сары-Ой айылы, курорттук зонадагы жер тилке (катталган күнү: 24.06.2015),

– Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Осмоева көчөсүндө жайгашкан дүкөн,

– Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү №796 дарегиндеги батир (катталган күнү: 07.05.2019),

– Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсүндөгү турак-жай (катталган күнү: 01.09.2016)

Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсүндөгү дүкөн (катталган күнү: 01.09.2016) ,

– Аламүдүн району, Маевка айылындагы жер тилке (катталган күнү: (20.01.2011),

– Бостери айылындагы коттедж (катталган күнү: 11.02.2019),

-Бишкек шаарындагы Турусбеков көчөсү №88/2, батир (катталган күнү: 14.05.2018)

– Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү №99, батир (катталган күнү: 07.05.2018).

– Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү №76, батир (катталган күнү: 14.05.2018),

– Бишкек шаары, П. Лумумбы көчөсү №143, батир (катталган күнү: 19.12.2003),

– Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 20/2 батир, бул даректе Дамир Мусакеевдин кызматтык батири экени анык болду. Бул үй кызматтык батир катары УКМК тарабынан берилген.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: