Милиция тармагында рак шишигиндей болуп жарылганы калган кемчиликтер толтура. Анткени катарын жыйырма миңге чукул кызматкер түзгөн жерде тентеги да, жөнтөгү да болоору белгилүү. Албетте, калыс иши менен алкоого алынып, жакшы ийгиликтерине каниет кылып иштегендер деле жок эмес, бар. Арамдыкты колдонуп кардын тойгузууну башкы маселеге айланткандар акырындан ирип-чирип баратат. Тазаланууга болгон аракеттин арымы чечкиндүү ташталууда.
Президент ишеним артып министр болуп ИИМге барган Улан Исраиловдун реформалык багыттарына ичи жылыгандар бар болгону менен айрым полковниктерге жан тарткандар да чыга калышууда. Ким эле өз адамын жаман дегиси келсин? Бирок ошол эле тармактын кызматкерлеринин кебине кулак төшөсөң министрдин батыл аракеттери туура экенине ынанасың.
Кантип эле ак иштеп аброй тапкандарга себепсиз асыла берсин? Жөн жерден иштен бошотсо сотко берип өзүнүн намысын коргосо ким кой дей алат? Айтор, кыйкымчылардын кебине көңүл бурбай шакмарлардан тазалана бергенден артык жол жок. Антпесе иш ордунан жылбайт.
Булак: “Ачык сөз“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ