Menu

Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус табылды, эми алардын жалпы саны 695ге жетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-апрелге карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Чүй облусунда – 2, Бишкек шаарында – 6, Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 1, Ысык-Көл – 2, Нарын облусу – 1 катталган.

“Жаңы 13 учурдун экөөсү чет жактан келген. Бир учур Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген. Ал жакта 1 айдан ашык жүрүп, бул жакка келгенден кийин чек арадан анализдер алынып, коронавируска шектүү деп, бүгүн ооруканага жаткырылып, анализи тастыкталып, дарыланып жатат. Экинчи учур Россиянын Новгород шаарынан келген. Анализдери оң чыгып, дарыланууга алынган. Анын үй-бүлөсүнөн бир адамга вирус жуккан. Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарыгерлерден коронавирус табылып, дарыланууга алынды эле, алар менен байланышта болгон 2 адам (үй-бүлө мүчөсү) ооруканага жаткырылган. Калган учурлар болсо, үй шартында же коронавируска чалдыккан оорулуулар менен байланышта болуп, бүгүнкү күндө ооруканага жаткырылып, дарыланып жатышат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 695ге жетти. Алардын ичинен:

– Ош облусунда — 160 адам;

– Жалал-Абад облусунда — 111 адам;

– Ош шаарында — 110 адам;

– Бишкекте — 164 адам;

– Нарын облусунда — 86 адам;

– Чүй облусунда — 46 адам;

– Баткен облусунда — 8 адам;

– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: