ЕККУнун Донбасстагы мониторинг миссиясынын башчысынын орун басары Александр Хугдун билдиришинче, байкоочулар Украинанын чыгышында Орусия армиясынын белгилери бар аскерлерди көрүп, өздөрүн орусиялык жоокер деп атаган адамдар менен сүйлөшүштү.
Хуг андан тышкары байкоочулар Украина чыгышындагы кагылышуулар болуп жаткан аймактарда бирин-серин орусиялык курал-жарактарды көргөндүктөрүн кошумчалады. «Бирок жыйынтык чыгаруу биздин ыйгарым укуктарыбызга кирбейт. Биз көргөндөрүбүздү гана каттайбыз», – деди ал.
Киев менен Батыш өлкөлөрү Кремлди Донбасстагы жикчилдерди колдоого айыптап келет. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына караганда, өздөрүн «элдик республикалар» деп атап алган аймактардагы жикчилдердин катарында 40 миңге жакын киши согушуп жүрсө, алардын 5 миңин орусиялык аскерлер түзөт. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ