Menu

Гүлнур Асанова, эстрада жылдызы жана актриса: “Ырдап жатып, сахнанын ремонту жок, чоң тешиктерге түшүп кеткен күндөр эстен кетпейт…”

Бөлүшүү:

– Кош келдиңиз! Сизди кыргыз эли жакшы тааныса дагы, өзүнүз туралуу маалымат бере кетсениз?

– Мен Кербен шаарчасында, 1988-жылы 20-январда жарык дүйнөгө келгем. 6 жашка чейин ошол жакты жашап, андан соң Таш- Көмүргө көчүп келип, окуучулук кезим ошол жакта өттү. Биз үч бир тууганбыз. Апам ууз киши, учурда Таш-Көмүрдө музыкалык мектепте мугалим болуп эмгектенет.

– Бала чагыңыздагы бир элес менен бөлүшө кетсеңиз?

– Бала чагым абдан кызыктуу болду десе болот. 6 жаштан бери концерт менен кызыктуу окуяларга бай өттү. Концертте уктап калып, мени таппай, инструменттердин арасынан таап чыгышчу (жылмайып). Ырдап жатып, сахнанын ремонту жок, чоң тешиктерге түшүп кеткен күндөр…

– Көрсө сиз бала кезиңизден эле ырдайт турбайсызбы?!

– Ооба. Музыкага 6 жашымда аралашып, Кербендеги ДКАда солист болуп ырдачумун. Биринчи концертим да Кербен шаарчасынын Маданият үйүндө болгон. Ал учур анча эсимде калган эмес, бирок боюм ал кезде аккордеон менен тең болуп калчу, ошол эч эсимден кетпейт.

– Алты жашыңыздан ырдасаңыз, далай-далай конкурс жана фестивалдарга катышуучусу болсоңуз керек?

– Эл аралык фестивалдарга көп катышып, дүйнөнү кыдырып келгем. Аларды эсептеп чыгуу зарыл деле эмес го. Эл аралык “Түрксой” уюмунан алтын медаль, Т.Сатылганов атындагы төш белги жана башка көп сыйлыктарга ээ болдум.

– Жеке жашооңуз туралуу айта кетсеңиз?

– Жеке жашоом кулпуланган! (күлүп)

– Сиз бир учурларда киного тартылган элеңиз. Актриса болуп, ролдорду аткаруу кыйын эмеспи? Сизди дагы кинодо көрө алабызбы?

– Актриса, ырчы болуш оңой эмес, бүт кесиптин кыйынчылыгы болот. Баштан көп нерсе өткөрөсүң. Эл көзүндө идеалдуу болуш керек деп, ультиматум кобу туурам эмес, алар деле кадимкидей жашоону каалайт… “Дарак Ыры” кинототасмасында эпизоддук ролду жараткам. Ошол кинодон көрө аласыздар.

– Кыргыз элинин бардык муундары сиздин ырларыңызды угушат. Сизди жактырган адамдар жашооңузга тоскоол кылышпайбы?

-Кумир туткандар бар, өзгөчө кыздар “комуз чертип ырдагыбыз” же “киного тартылгыбыз келет” деп көп кайрылат. Бирок, мен режиссер эмесмин да, жардам бере албай калам…

– Ал эми жаңы ырлар жана клиптер менен биздин качан кубантасыз?

– Жаздырып жатабыз, мен элчилеп, эптеп бир ыр чыгара калыш керек деп күн санабайм, жактырып, жүрөккө сиңирип, анан гана иштеп чыгам.

– Жакынкы арада концерт коюу туралуу оюңуз барбы?

– Балким..

Айгерим АКЫЛБЕКОВА

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: