Menu

Мухамметкалый Абулгазиев: Ичүүчү суу менен кошо санитардык көйгөйлөр да чечилүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 16-июнда, Дүйнөлүк банктын суу секторунун башчысы Питер Хени жана Дүйнөлүк банктын суу менен камсыз кылуу жана санитария боюнча адиси Дэвид Лорд менен жолукту. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууда Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан суунун запасы боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарында турганы менен ичүүсү суу боюнча аймактарга көйгөйлөр бар экенин билдирди.

«Өзгөчө айыл жеринде ичүүчү суу көйгөйү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Аймактарда айрым суу түтүктөрү 20 жылдан бери жаңыланган эмес. Ичүүчү суу менен камсыздала турган долбоорлордо санитардык көйгөйлөрдү чечүү жагы да каралса, калктын социалдык турмушу жакшырып, алардын айыл жеринде күнүмдүк жашоосуна жакшы шарттар түзүлмөк»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

2016-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосунда аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 28 млн АКШ доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Ичүүчү суу секторун каржылоо багытында, кошумча 2016-жылдын аягында 36 млн доллар каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынып, бул чечим 2017-жылдын 22-июнунда Буткүл дуйнөлүк банктын директорлор кеңешинде каралып, колдоо көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин маалыматында, жалпы суммасы 64 АКШ млн долларына Ош, Чүй, Ысыкк-Көл облустарынын 117 айылын ичүүчү суу менен камсыз кыла турган “Ала-Тоо булагы” долбоору ишке ашууда. 2017-жылдын 22-июнунан баштап Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылында, Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Султан айыл ьаймагындагы 11 айылга ичүүчү суу курулмалары курула баштайт.

Ал ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу биринчи жолу Ислам өнүктүрүү банкы аталган секторго 23 млн АКШ долларлык колдоо көрсөттү. Бул каражатка республиканын Жалал-Абад облусунун 24 айылы 2022-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыз болот.

Жолугушууда Дүйнөлүк банктын суу секторунун башчысы Питер Хени долбоор башталышы гана, аны аягына чыгарууга кошумча каражаттарды бөлүү менен сапатына да өзгөчө көңүл бура турганын баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментине курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө ичүүчү суу менен кошо аймактардагы санитардык маселелер да чечилерине ишеним артарын билдирди.

Эскерте кетсек, жалпы республика боюнча 1805 айылдын 657 айылында ичүүчү суу көйгөйү бар. Аларды 2026-жылга чейин Эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга Өкмөттүк программа иш алып барууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: