Menu

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Апаларга “Баатыр эне” сыйлыгын берүү чоң коррупцияга айланды”

Бөлүшүү:

– Рита айым, парламенттеги Исхак Масалиев баштаган депутаттар 7 баланы төрөп, бирок, алардын бирөө же экөө сот жообуна тартылып калса, «Баатыр эне» наамын бербөө боюнча сунуш киргизип жатышат. Бул көрүнүш адилетсиздик болуп калбайбы? Баласы маселен, майда-барат кылмышка кириптер болсо же ак жеринен күйгөн шартта энесине наам бербей койгон туура эмес да ээ?

– Мындай норма мурун эле болуп, ошондой учурларда апалар «Баатыр эне» сыйлыгын алалбай калчу да. Анда эмне биздин бийлик апаларга мыйзамсыз эле бербей жүрүшкөнбү, эгер бул маселе эми көтөрүлүп жатса? Биз кечээ эле ушул маселени талкуулап, буга каршы болуп, кат жазып, кол топтоо үчүн чыгынып жатканбыз. Анткени, жол кырсыгынан деле жабыркап соттолсо, «бүттү сиз сыйланбайсыз» деп коёт экен да. Бүгүн ушул апаларга «Баатыр эне» сыйлыгын берүү чоң коррупцияга малынганы билинип калды. Анткени, буга чейин эле атайын президенттин алдындагы комиссия «7 баланын бирөөсү соттолсо сыйлык берилбейт» деп келишкен. Бирок, бүгүн ушул норманы мыйзамга ЖК депутаты Исхак Масалиев «киргизип коёлу» деп сунуштады. Анда буга чейин бербей келгени эмне
мыйзамга таянып жасалган? Мен билгенден соттолгону анык болсо же 7 баланын экөөсүн экинчи күйөөсүнөн төрөсө жана ушундай башка майда-чүйдө нерселерге таянып, 7 баланы төрөп өстүрүп, тарбиялап келген апага мамлекет жагынан мындай кыянаттык көрсөткөнү туура эмес. Ар бир апанын таманында бейиш. Өз ден соолугун аябай ошондой эрдикке барышкан. Эми жашы улгайып калганда апаларды урматтап коюунун ордуна аларды болбогон нерсе менен басмырлаган туура эмес. Канча деген апа кейип-кепчип жатат. Мындай шартта мыйзамсыз жасаган кадамы үчүн мамлекетти жоопко тартыш керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: