Бишкектин четиндеги Ак-Бата жаңы конушунда 11-январь күнү болуп жаткан улак чабышта атчандар тоңгон суунун үстүнө чыгып кетишип, муз жарылып, улакчылар колундагы улакты сууга түшүрүп жиберип таппай калышат. Ошондо Аксылык улакчы Кутуш Ташыбеков чечине коюп, таштай муздак суунун астынан улакка чабылган текени издеп таап чыгат.
Кутуш Ташыбеков Аксынын Кызыл-Жар айылында 1990-жылы туулган, үй-бүлөлүү, азыр Бишкектин “Дордой” мал базарында мал сатып, чакан бизнес менен алектенип келет.
Ак-Бата конушунда ошол чөлкөмдөгү жарандар өз ара биригип алып, күн алыс улак чабып турушат.
https://www.youtube.com/watch?v=_o4YdUlrU5k&feature=youtu.be
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ