–Адахан Кимсанбаевич, гезиттердин биринде сизди Москвага Келдибековдун акчасы менен барып келди таризинде жазышыптыр?
-Мен бирөөдөн бир тыйын акча алып, көз каранды болуп көргөн жан эмесмин. Анан сөз келгенде айтып коюш керек, акчасы көп, бай деген адамдар өтө зыкым келишет, жанынан бир тыйын чыкса артынан кошо томолоп кетишер. Ал эми бул ушакты тараткандар тууралу кеп кылуунун кажети деле жок. Ал гезит менен мен билгенден эки эле саясатчы жакын кызматташат. Ошондуктан мен билип турам, ким бул ушакты ойлоп таап, кандайча таратып жатышканын. Ошондон саясый упай топтойм деп үмүттөнүп жатышса керек.
–Сиздердин үчилтиктен ким президент болуп чыгары белгилүү болуп калды, ал Келдибеков деп да жазышыптыр?
– Мен биз алгач кандайча келишсек ошол шартта эле кетип жатам. Али бир чечимге келе элекпиз.
– Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев мурун президенттик шайлоого катышышкан, ошондуктан эмики кезек Акматбек Келдибековдуку деп жатышат?
-Кезек кимдики экенин биз үчөөбүз чечебиз.
– Президенттик шайлоого кетчү каржылык ресурстар Келдибековдо эле бар, башкалары мурунку шайлоодо сарптап алышкан деп да жазышыптыр?
-Каржы маселе эмес, каржы баарыбызда жетиштүү. Эң башкысы электорат, элдин массалык колдоосу. Ошондуктан ким көп колдоого татыктуу болсо ошол талапкер болуп чыгыш керек. Силер каржысы бар деп жаткандар эч качан өз жанынан бир тыйын чыгарышкан эмес жана чыгарышпайт.
Элдар Ибраимов
Булак: Кyrgyztoday.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ