Menu

“Экстер” эмне кылып эрмектешет?

Бөлүшүү:

Туруктуу өнүгүп, мамлекеттик системасын ырааттуу жүргүзгөн өлкөлөрдө адамдык ресурстар туура пайдаланылат. Тактап айтканда, кадрлар туура тандалат. Ал эми бизге окшогон башаламан башкаруудагы мамлекеттерде регионалисттик, кландык жана уруучул саясат өкүм сүрөт. Тоюс, чоң кызматка «парашют» менен түшкөндөр же дайындалгандар көбөйөт, мадыра баштар башкарат. Парламентке дагы жалаң капчыктуулар жыйналат. Мындай коомдо «экс-министр», «экс-депутат» деген «аты улук, бирок супарасы курук» адамдардын саны арбыйт. Анда алардын айрымдары эмне менен алектенгенин электен өткөрүп көрбөйлүбү…

Акыркы учурда Атахановдун айласы куруй баштады

Бир учурда өлкөнүн күч структурасын жетектеген Шамил Атаханов бир топ убакыттан бери «окопто» жатат. Ойдо жок жерден кызматка келген болсо, кызматтан да ойдо жок жерден кеткен. Ошондон бери ың-жыңсыз. Каякта болсо дагы 2 күндөн бери бул эргулдун түн уйкусу бузулду. Дегенибиз, ушул жуманын башында Азиз Батукаендин бошотулушу боюнча маселе кайрадан каралаарын Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баса белгиледи. Батукаевдин качырылышы боюнча ушул Шамил Атахановдун түздөн-түз тиешеси бар экендигин экс-президент Алмазбек Атамбаев да Нариман Түлеев менен жолукканда айтып берген жайы бар. Керт башын ойлогон Атаханов өлкөдөн качып кетпейби?

Лунара Мамытова кайра “саясий эфирге” кайтып келеби?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Социалдык өнүктүрүү министринин экс-орун басары, «чырайлуу» Лунара Мамытова көкүрөктөгү көрөңгөсү менен эмес, жылма жүздүү узун буттуу бой-сымбаты менен жогору карай кызматтык секирик жасаганы чакан аралыкта аныкталып калганын көргөнбүз, кашайып. Пенсионерлер пенсиясын чогултуп чет өлкөгө саякаттаса болот деп айта калып коомчулуктун сынына кабылган Лунара жумушсуз жүрөт. Азыр ишин кайдан баштарын билбей, мурунку кесибин улантууга дити барбай, кыйналып жатканын эшиттик. Жаштыктын нуру өчө электе дагы бир фотосессия кылып өзүн бир жарнамалап жиберсе, «Бир Бол» сыяктуу партиялар алдыңкы катарга кошот беле дейбиз. Көздүү мончок жерде калбайт эмеспи…

Эрлан Абдылдаев экс-ажого ыктап жатат дейби?..

Биз кээде мамлекеттик жогорку кызматтарга кыргыз тилин билген адам келиши керек деп күпүлдөп калабыз. Бирок, эне тилин билбесе дагы далай өкмөттүн башын жеп, былк этпестен Алмазбек Атамбаевдин тушунда дээрлик 5 жыл, азыркы ажонун учурунда 1,2 жыл Тышкы иштер министрлигин жетектеген экс-министр Эрлан Абдылдаев деген эрен бар. Кыргыз болгону менен өз тилин эжелеп араң сүйлөйт. Эрлан мырза үйүндө тынч жаталбай, «Форумга» уурданып кирип-чыгып экс-ажого байма-бай каттап жатканы боюнча узун сабак кептер тарады. Мүмкүн ыраазычылык билдирип жүргөндүр. Же экс-президенттин командасына кошулуу ниети барбы? Биз суроо салдык, балким өзү окуп калса жообун билдирип коет чыгаар…

Кудайберген Базарбаевдей боло албайт экен да…

Биздин чиновниктер кызматтан кетсе эле жаман «илдетке» чалдыкмайы бар. Бир аз убакыт башка кызмат күтөт дагы, бийликтен жооп болбогон соң шыр эле оппозициянын короосуна кирип кетет. Анан бийликти согуп баштайт, кайра кызмат берсе тилин тишине катып алып кумга сиңген суудай жоголот. Бирок, мындан кызматка таарынгандардан айырмаланып экс-министр Кудайберген Базарбаев бийликке таарынбай этпей эле учурда чет элдик уюмдар менен иштешип жүргөн чагы. Канткен менен тажрыйбалуу киши эмеспи, жол-жобосун таап, маңдай терин төгүүдө. Бирок, биз мындай кишилерди мамлекет үчүн иштетсек түзүк болмок. Калыстык үчүн айта кетели, социалдык тармакта бир да министр Базарбаевдей иштей алган жок.

Эс алып атып эси оогон Талантбек Узакбаев

Экс-депутат Талантбек Узакбаев мал-чарбачылыгы менен алектенип, үй-бүлөлүк капиталын чыңдап аткан убагы. Эт менен сүттү мыкты берүүчү пародадагы жүздөгөн уйларды сырттан алып келип, жергиликтүү элге арзан баада таратууда. Ортодон пайда көрүп дегендей. Топоз менен жылкы этин сыртка экспорттоо ишин да ишке ашыруу аракетинин үстүндө. 2015-жылдагы шайлоодон кийин бийликтен кызмат күтүп атып чарчады. Эс алып атып эси ооду. Калп айткан менен болобу, түпкүлүгүндө ушул кишини Айыл-чарба министрлигине алып келгенде, азыркы министрге салыштырмалуу дурус иштеп бермек. Тажрыйба жетиштүү дегендей. Же бул дагы иниси Чыңгыз Узакбаевдей болуп кредиттерди өзүнүн чарбасына берип салат беле? Ким билсин…

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: