Menu

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик спортту өнүктүрүүнү жана спортчуларды колдоону күчөтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атамекендик спортту өнүктүрүүнү жана спортчуларды колдоону күчөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-августта, 2017-жылы спорттук мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн спортчулар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«2017-жыл атамекендик спорт үчүн ийгиликтүү болду. Спортчуларыбыз түрдүү деңгээлдеги эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, бизди кубантуусун улантып жатышат. Массалык спортту өнүктүрүү максатында жакынкы беш жылда ар бир мектепте заманбап спорттук залдар пайда болот. Бүгүнкү күндө республиканын көптөгөн калктуу пункттарында спорттук залдар жана секциялар иштеп жатат. Бул өлкөдө спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, жаш муунду дене тарбия сабактарына жана спортко тартууга дем берет», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, кыргыз спортчуларынын ийгиликтери жаңыдан баштаган жаш спортчуларга  спорттук тепкичтеги биринчи кадамдары үчүн жакшы  түрткү болуп саналат.

«Сиздердин жещишищиздер аркылуу жүрөгүбүз кубаныч менен сыймыкка толууда. Атамекендик спортчулардын жеңиши биздин өлкөнүн дүйнөлүк аренада аброюн көтөрүүдө. Сиздердин спорттогу ийгиликтер аркылуу дүйнөнүн эң алыскы булуң-бурчундагы элдер Кыргыз Республикасы жөнүндө билишүүдө», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков спортчуларга  жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик, ден соолук, жакшылыктарды жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

26 жеңүүчү, машыктыруучу штабдын өкүлдорү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, атамекендик спортчулар  13-30-июлда Пардубица шаарында (Чехия) өткөн спорттун интелектуалдык түрү боюнча  28-Эл аралык Олимпиаядада медалдарды жеңишти.  Турнирде Кыргыз Республикасы 9 спортчуну көрсөттү. Аталган Олимпияданын алкагында 12 комплект сыйлыктар катышуучу Польша, Австрия, Түркия, Украина,  Израил, Франция, Германия, Казакстан, АКШ, Кыргызстан жана  Чехия  80 өлкөнүн  арасында берилди. 12 катышуучу командалар арасында Кыргыз Республикасынын курама командасы экинчи командалык орунга ээ болду.

2017-жылдын 1-августунан 6-августуна чейин Тампере  шаарында (Финляндия) жаштар арасында өткөн эркин жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 24 комплект медаль күрөштүн төрт түрү боюнча: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча ойнотулду.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын жаштар курамасында 17 спортчу көрсөтүлдү. Чемпионаттын жыйынтыгында биздин улуттук курама команда бир алтын, үч күмүш жана эки коло медалдарга ээ болду.

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө ыраазычылык жарыяланды:

– Айпери Медет кызы.

– Шаршенбеков  Жоломан, грек-рим күрүшү;

– Махмудов Акжол, грек-рим күрөшү;

– Ким Роман, грек-рим күрөшү;

– Кенжебаев Байгазы – аялдар көрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу;

– Акбар Кенжебек уулу, эркин күрөш;

– Жуманазарова  Мээрим, эркин күрөш;

– Тыныбекова  Айсулуу– Айпери Медет кызынын жеке машыктыруучусу;

– Сагынбекова Жаңыл, мангала;

– Султанмуратова  Нурия – спорттун интелектуалдык түрү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу;

– Ушуров Шухрат – грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу;

Эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү жана алардын жеке машыктыруучуларына:

– Надырбек уулу Улан – эркин күрөш боюнча команданын башкы машыктыруучусу;

– Ахметов  Мейрамбек–Махмудов Акжолдун жеке машыктыруучусу;

-Махмудов  Хаким – Шаршенбеков  Жоломандын жеке машыктыруучусу;

– Изабеков  Нурбек–Жуманазарова  Мээримдин жеке машыктыруучусу;

– Ушуров  Фархад–Ким Романдын жеке машыктыруучусу;

– Донбаев  Нурдин-  Акбар Кенжебек уулунун жеке машыктыруучусу ;

– Касымов  Камчыбек- Сагынбекова  Жанылдын жеке машыктыруучусу  ;

– Джамакеев  Анарбек  (Тогуз коргоол);

XXIII жайкы Сурдолимпиядалык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана алардын башкы машыктыруучуларына:

– Ильгиз  Каналбек уулу (дзюдо);

– Айдарбеков Габит (грек-рим күрөшү);

– Марков  Миляс (эркин күрөш);

– Мавлянов Азамат (таэквон-до);

– Кулгожаев Айдин- дзюдо боюнча команданын башкы машыктыруучусу;

– Понамарев Дмитрий-таэквон-до боюнча команданын башкы машыктыручусу;

– Тупик Андрей – Ильгиз Каналбек уулунун жеке машыктыруучусу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: