Menu

Электрондук байланыш жемкорлукка бөгөт койду

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы бардык тармак, мунун ичинде Мамлекеттик каттоо кызматы дагы электрондук түйүнгө кошулгандан бери жемкорлук дээрлик тыйылды. Муну Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 29 жаштагы жетекчиси Ильяз Сансызбаев дагы кабарчыбызга курган маегинде танган жок.

– Ильяз мырза, көз тийбесин, биздин өлкөбуздөгү эң жаш жетекчилердин бирисиңер. Кыска аралыкта мындай бийиктикти багындырганыңардын эң башкы сыры эмнеде, ыя?

– Тырмактайымдан мээнеттенип иштегенге, анан чындыкты бетке айтканга биротоло көндүм. Жеңишим – ушул! Албетте, азыркы жумушум чекеси гана. Жараткан дагы өмүр буюрса, элим жана мамлекетибиз үчүн дагы да көптөгөн жылдар ак кызмат кылам го деген терең ишеничтемин.

– Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчилигине дайындалганыңарда башка үлкөн аткаминерлер өңдөнүп адегенде жамаатты жаңылап, анан команда күтпөдүңөрбү?

– Менин эзели мындай адатым жок! Иштеп жаткан жамаат менен эле кыска аралыкта тил табышканга жана ысык мамиле күткөнгө бекем ыктадым. Ушул эле кесиптештерим менен болочокто ири ийгиликтерди чогуу багындырабыз деген терең ишеничтемин.

– “Кой-аксагы менен жүз!”дегендей, сиз менен тилеги бир эместерди кантесиз? Анткени, үч кызматкериңиздин үстүнөн Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-Жаза Кодексинин 315-беренесине (кызматтык жасалмачылык) жана 350-беренесине (жасалма документ колдонуу) ылайык кылмыш ишин козгободу беле. Анткени, ишканаңардын өкүлдөрү беш адамга “Таптакыр мүлкү жок!”деген аныктама жазып беришкендиктен, ошонун негизинде үч шылуун муниципалдык үйлөргө ээ болуп олтурушпайбы?

– Мен Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчилигине 2018-жылы дайындалдым. А 2017-жылдын октябрь-ноябрь айларында Оштогу мүмкүнчүлүгү чектелген 66 жаранга акысыз батирлер берилген. Ошол маалда көптөгөн тургундар “мүлкү жок”,- деген аныктама алышкан. Кээде жарандардын мүлкү бар же жок экендигин аныктай турган программа туура эмес маалыматтарды чыгарып коюшу ыктымал. А биздин үч кызматкерибиз тарабынан берилген аныктамада үй алган кишилердин мүлкү жок экендиги көрсөтүлгөн.

Кийин кайрадан текшергенде гана алардын мүлкү бар экендиги ырасталган. Ошентип, биздин кызматкерлерибиздин үстүнөн Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Ушул тапта тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди. Бирок, УКМКнын тергөөчүлөрү биздин кызматкерлерди чакырыша элек. Эгерде тергөө бүткөнгө дейре алар кызматынан бошотулсун деген чечим чыгарылса, биз аларды убактылуу гана жумуштан бошотобуз. Эгерде иштей беришсин дешсе, кадимкидей эмгектене беришет. Ошондуктан, мен кызматкерлерибизди өз алдымча эле ишинен четтетүүгө акым жок!

Эгерде Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматкерлеринин күнөөлөрү тергөөнүн жүрүшүндө, андан ары сотто чындап эле аныкталса, анда баары тең мыйзам талабына жараша жоопкерчиликке сөзсүз тартылышат.

– Ильяз мырза,“Ушул тапта мамлекеттик каттоо кызматы реформалоого муктаж!”дегендерге кошуласызбы?

– Мамлекеттик каттоо кызматында реформа деген кыйла жылдардан бери жүрүп жатпайбы. Ансыз дүйнөлүк көчтөн калып кетчүдөйбүз. Мына, моминтип тармакты бүтүндөй электрондоштурдук. Маселен, жарандар үйүндө жатып эле керектүү документтерин бизден алуусуна шарт жараттык. Бирок, муну көпчүлүк биле беришпейт. Ошол себептүү калк арасында түшүндүрүү жараянын ого бетер күчөттүк.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: