Menu

Ноокатта бир аңги-айбан аялын төрөтканага жеткирип келип, кызын зордуктап салган

Бөлүшүү:

Ноокат райондук соту өз кызын зордуктаганы үчүн соттолуп кеткен акмакты ата укугунан ажыратты. Бул иш боюнча сотко Социалдык өнүгүү башкармалыгынын райондук өкүлү кайрылган.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 1970-жылы туулган Бекмурат (ысымы өзгөртүлдү) кош бойлуу келинчегин төрөтканага жеткирип келет. Үйүнө келгенден кийин достору менен арак ичип, түн оокумда 2004-жылы туулган кызын ойготот. Жолдон акчасын жоготуп алганын айтып, “жүрү карап келебиз” деп, аны Шахта тилкесиндеги (Баткен облусу) темир жолго алып барат да, күч колдонуп, өз кызын зордуктап салган. Тергөө амалдары аныктагандай, бул акмак аялы жокто 2019-жылдын январынан апрелине чейин кызын бир нече ирет зордуктап келген.

Бул кылмыш иши боюнча аңги-айбан Ноокат райондук сотунун чечими менен кыз зордуктоонун 5 фактысы боюнча 20 жылга кесилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: