Menu

Феликс Кулов, коомдук ишмер: “Жангарачеваны музейден кетирүү туура эмес иш болду”

Бөлүшүү:

– Музейдеги окуя боюнча сиз Мира Жангарачева айымды колдоп чыктыңыз…

– Мира Жангарачева айымды сыйлайм. Менин оюмча, аны музейдин директорлугу кызматынан кетирүү туура эмес жана ийгиликсиз болду. Бул жерде Жангарачеванын күнөөсү деле жок болчу. Негизинен бул көргөзмөнүн деталдарына чейин Жангарачева билбесе деле керек. Өз каалоосу менен арызды жазды. Бирок эки учурду жакшылап караш керек: биринчиден, аялды коргоо маселеси туура, бирок биздин салтка туура келбеген деталдарга баргандары кейиштүү. Экинчиден, көргөзмө болсо дагы башкача ыкмаларын караштырышса болмок. Азыркы искусстводо көргөзмөлөрдүн миңдеген методдору бар.

– Анда ким күнөөлүү?

– Мен өзүм жылаңач кыздардын чыгышына албетте каршымын. Күнөөлүү адам катары көргөзмөнүн уюштуруучусун атасак болот. Ал эми Жангарачева уруксат берди, бирок, жылаңач чыгабы, кандай лозунгдар, деталдар болот – билген жок да. Музейдин айлыгы аз. Эми ал жакка ким келет? Аттуу-баштуу эч ким келбейт. Мекенчил балдар дароо эле «кетсин, кетсин!» деген лозунгду көтөрүп чыкпай, экинчи ката кетирбей турган жолдорду карашса болмок…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: