Нарын облсунун Кочкор районунун мергенчилери атылган жыркычтардын терилерин мергенчилер коомунун төрагасы Таалай Осмоналиевге райадминистрациянын жанынан өткөрүп беришти.
Осмоналиевдин айтымында, райондо бир айда 11 чөө жана эки карышкыр атылган.
“Жырткычтар малга кол салып жатат. Токойлордо чөөлөр менен ачкүзөндөр башка жаныбарларды кыра баштады. Ошондон улам санын кыскарталы деп чечкенбиз. Бирок малчылар окторун чөөгө короткулары келбейт. Натыйжада саны көбөйүп кетип жатат. Биз кутурма тийген жаныбарларды атабыз”, – дейт мергенчи.
2016-жылдын 26-февралындагы өкмөт токтомуна ылайык, карышкырлар менен чөөлөрдүн саны көзөмөлдөнүп, зыян келтирген жырткычтарды атууга уруксат берилген. Мергенчилерге атайын сыйлыктар да бар: бир карышкыр – 6 миң сом, бөлтүрүк – 1500 сом, чөөгө 2 миң сом берилет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ