Таңдайынан чаң чыккан Каныбек Капашович чон сырдын бетин ачты. Көрсө, кытай тараптан келген ири экономикалык долбоорлор бир гана Сапар Исаков аркылуу бүтчү экен да. ТВЕА компаниясы Бакиев учурунда эле Исаков менен тааныш болуп, Максим Бакиевдин ишенимине кирүүгө аракет кылганы айтылбадыбы. Апрель революциясынан кийин ТВЕА да Максим сыяктуу Кыргызстандан чыгып кетип, Сапар Исаков Атамбаевдин ишенген адамына айланып, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарып калганда ТВЕА кайра келиптир. Сапар Исаков ошондон баштап, 2017-жылга чейин ызы-чуулуу болуп жаткан долбоорлорду ишке ашырган ТВЕАнын өкүлү болгон Кытайдын соода өкүлү Цзинь Юйлунь мырзаны 10 жолу кабыл алса, Цзинь мырза кеткенден кийин Сунь Янь дегенди 3 жолу, Сунь Хэ дегенди 5 жолу кабыл алыптыр. Алар менен жалгыз гана Исаков жолукканы, башка чиновниктер суранса да жолукпай койгону күмөндүү ойлорду жаратууда. Жол салып жаткан кытайлык “Чайн Роад” компаниясынын өкүлдөрүн да Исаков 8 жолу кабыл алып сүйлөшкөнүн кантип жоромолдосо болот? Бул эки компания тышкы саясатты талкуулай турган мамлекеттик орган эмес да. Тыйындуу долбоорлорду ишке ашырган чарба компаниялары. Кытайлык компаниялар Исаков менен сүйлөшүп, баарына жол тапса болорун анализдеп алган эмеспи?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ