Menu

Абылгазиевдин Матсаковго күн түштүбү?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп Табылды Матсаков дайындалды. Мындай дайындоо элдин эсин эңги-деңги кылды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев кол койду. Матсаков 2009-жылы Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросунун директору болуп турганда Бакиевдер тарабынан өлтүрүлүп сөөгү өрттөлүп кеткен Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча «жол кырсыгы» болгон деген корутундуну элге жар салган эргул. Ошондо коомчулук, саясий элита бурмаланган бул көрүнүштү бузукулуктун, жүзү каралыктын жеткен чеги катары мүнөздөшкөн. Эми ошол адам минтип кызматка көтөрүлүп келип жатканы таң калтырып, жакаңды карматат… Матсаковдун маанилүү кызматка келишине караганда, деги тынччылык болсо экен. Эртең бурмалаган дагы бир кырсыкты кулагыбыз чалып үрпөйгөндөн Кудай сактасын дейлик…

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: