Menu

Өмүрбек Текебаев: “Илим Карыпбеков, КТРден эки тарапты тең калыс чагылдыр, Бакиев менен жүрүп аман калгансын, эми Атамбаев менен жүрүп аман калбайсын!”

Бөлүшүү:

“КТРдин логосун көрүп токтоп калдым. Илим Карыпбеков! Объективдүү бол! Бардык тарапты бирдей, калыс чагылдыр. Бакиев менен жүрүп аман калдың! Эгерде азыр туура иштебесең, Атамбаев менен жүрүп аман калбайсың!” – деп билдирди бүгүн, 15-сентябрда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште өзү өткөргөн маалымат жыйынында КТРдин журналисти менен операторун көрө коюп, телеканалдын бийликти мактап, оппозицияны боктоп жаткан бир жактуу саясатына нааразылана анын гендиректору Илим Карыпбековду эскертип.

Эсиңиздерге сала кетсек Илим Карыпбеков 2010-жылдын 7-апрелине чейин президент Курманбек Бакиевдин секретариатында иштеген. Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бүгүн Текебаев коррупция менен айыптаган Албек Ибраимов менен бирге “Манас” аэропортунун жетекчилигинде иштеп жүрүп, УТРКнын гендиректорлугуна дайындалган. Кызматка дайындалары менен калыстыгынан тайып, бийликтин оппоненттерин каралап, жалган ушак таратуу менен алек болууда. Ошол эле учурда Атамбаевди айга-күнгө теңеп кошоматка кой сойгондун устасы болуп алды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: