Menu

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Өзбекстандын Президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин аппараты эки тараптуу кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-майда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудовдун  төрагалыгында эки тараптуу кеңешме болуп өттү.

Жолугушууга ошондой эле эки өлкөнүн коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жооптуу министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Тараптар чек ара, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуунун натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар мындан ары да Мамлекет башчыларынын жетекчилигинде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: