Menu

Шаршембиев камалып чыкты беле?

Бөлүшүү:

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев 400 миң доллар пара алганга шектелип камалып, тез арада кайрадан жогору жактын кийлигишүүсү менен бошоп кеткени интернет булактарында жазылып, кызуу талкууланды. Бирок бул иш мындан бир нече ай мурун болуптур. Шаршембиевге өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкалый Рысалиев ортого түшкөнү кеп болуп жатат. Бул иш менен өкмөт башчысы, президент да кабардар экен. Болгону Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ошол кезде 500 миң доллар пара чуусу менен кармалып жатканда, дагы бир министрдин чуусу чыкса «шерменде» болобуз деп бас-бас болгону Ак үйдө айтылып жүрөт. Бирок Бакыт Шаршембиев өзү: “Мен кармалган да, суракка да чакырылган жокмун. Эч кандай кылмыш ишинин фигуранты да эмесмин. Мени кармашты деген бул жалган маалымат» – деп билдирди. Албетте, “кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, бул иште мандем болсо Батукаевдин ишиндей калкып чыгаары бышык…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: