Menu

Блогер Сыдымандын сот отуруму атайын эксперттер чакырылганына байланыштуу 18-ноябрга жылдырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун (Сыдыман) сот отуруму болду. Бул тууралуу блогер өзүнүн Инстаграм баракчасындагы сторис бөлүмүндө билдирди.

Маалыматка ылайык, кийинки соттук отурумга атайын эксперттер чакырылды. Буга байланыштуу сот отурум 18-ноябрь күнү саат 14:00до уланат.

Элмирбек Сыдыманов Инстаграм социалдык тармагында (Сыдыман) каймана ат менен белгилүү. Ал ушул жылдын февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анда кээ бир облусттардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, пас сөздөрдү айткан. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда камакка алынып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча айып коюлган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. Сот отурумда прокуратура блогерди сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

Ошондой эле, Сыдыман бул иш тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Инстаграм баракчасына кат аркылуу кайрылып, жардам сураган. Андан кийин Сыдыман Инстаграм сторис бөлүмүндө анын үнү өйдө жака, башкача айтканда керектүү адамдарга жеткенин билдирген. Ошондой эле, ал Садыр Жапаровго убактысын бөлгөнүнө ыраазычылыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: