Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары мушташты. Бул тууралуу Лейлек РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 13-февраль күнү билдирди.
Такталгандай, күн мурун, 12-февралда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Катран айыл өкмөтүнүн депутаты Дүйшөбаев Нурдин арыз менен кайрылган. Анда жергиликтүү кеңештин депутаты Сапарали Бөрүбаев аны коомдук жайда кемсинтип, андан кийин белгисиз себептерден улам сабаганы айтылган.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизилар дайындалган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ