Menu

Башкы штабдын подполковниги Казакстанда жарым жылга соттолду

Бөлүшүү:

Казакстандын Кордай райондук соту Кыргызстандын Башкы штабынын подполковниги Үсөн Арстанбековду жарым жылга камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева ырастады.

Анын айтымында, казак тарап подполковниктин соттолгону боюнча маалыматты оозеки айткан. Расмий билдирүү кошумча берилет.

Подполковник 15-октябрда “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен кармалган. Анын баңгизат менен колго түшкөнү айтылган. Маалыматка караганда, аны “Кыйрабас боордоштук-2017” аттуу ЖККУнун биргелешкен машыгуусуна катышып келаткан учурда казак чек арачылары колго түшүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: