Menu

Кубанычбек Жумалиев, депутат: «Мен Аскар Акаевди эч качан саткан эмесмин, сатпайм дагы»

Бөлүшүү:

— Кубанычбек агай, сиз салынып жаткан түндүк менен түштүктү бириктире турган алтернативдик унаа жолго кызматын өткөрүп берип кеткен мурунку ажо Алмазбек Атамбаевдин ысымын берүү идеясын көтөрүп чыктыңыз. Бул идея сизге кайдан келди?

— Бишкек-Ош альтернативдик унаа жолун курууну Атамбаев президент болуп келгенден кийин чоң долбоор катары баштап, салынып жатат. Ошол кезде жалпы бюджети 800 млн доллар деп бааланган болсо, жол бүткүчө андан да көп болгону турат. Биринчи фазасы жарым- жартылай, экинчи фазасы 54 пайызга бүтүптүр. Үчүнчү фазасы баштала элек. Тунель графиктен артта калып жатыптыр. Ушул иштерге 350 млн доллар акча каражаты кетиптир. Жолдун толук бүтүшү үчүн кеминде 450 млн доллардан ашык акча кетет. Бүгүнкү күндө мамлекетибиздин тышкы карызы бюджеттин 67 пайызына жетип калды. Андан ашса эле Кыргызстанда дефолт болот. Ушундай абалга келип калдык. Ошондуктан, ал жолго Атамбаевдин атын койсок, ал өзүнүн досу Сооронбай Жээнбековду президент кылып алып келди, өзүнүн командасындагы жигитти премьер-министр кылып коюп кетти, командасы азыр деле өтө күчтүү, ошолорго айтып жүрүп, жолду аягына чейин бүтүрө алат. Аягына чейин чыкпаса чоң суммадагы акча талаага эле чачылып, баштаган иши бүтпөй, ушунча акча короткон жол иштебей калса өлкөнүн экономикасына дагы чоң сокку урулат. Негизги маселе ушунда жатат. Андыктан, баштаган иши болгондуктан ага өзүнүн атын койдуртуп, жолду аягына чейин чыгартуу керек.

— Жаңы президент деле мурунку президенттин иши менен чектелип калбай, өзү деле жаңы чоң долбоорду башташы керек го?

— Ооба, жаңы президент дагы өзүнүн мөөнөтү бүткүчө жаңы чоң-чоң долбоорлорду баштап, аны аягына чейин чыгарып, элдин эсинде калышы керек. Мен парламенттин профилдик комитетинде жол министри Жамшитбек Калиловго “Атамбаевдин учурунда бул жолду Калыкбек Султанов деген министр сунуш кылып, баштаган болчу. Азыр жаңы президент ишин баштады. Бул президент менен иштешүү сиздин пешенеңизге жазылган экен. Сиз жаңы президентке кандай жаңы долбоор сунуш кыла аласыз?” деген суроону берсем, ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салдырам” деп жооп берди. Эгер президент Сооронбай Жээнбеков темир жолду сала алса, өзүм баш болуп элдин баарынан кол топтоп, ошол темир жолго Сооронбай Жээнбековдун атын койгонго үндөп чыгам. Себеби, ал темир жол Кыргызстанды “тупик” өлкөдөн алып чыгып, транзиттик өлкөгө айландырат. Ал долбоорго кеминде 3 млрд доллар керек болот. Анын салуу схемасын таап салдырып калса мактоого тете азамат болот. Ош аэропортун которууга Мады айылы жактан 500 гектар жер табышыптыр. Аэропортту ошол жакка которуп, жаңы аэропорт салып калса, ал дагы чоң долбоор. Аны жүк ташый турган эл аралык карго аэропорт кылып койсо жакшы иш болот. Ошондуктан, айтылган сөздү ар кандай кылып бурмалай бербей, маанисин туура түшүнүшүбүз керек.

— Сиз өкмөт башчысы, транспорт министри болуп, бул тармакты жакшы билесиз. Альтернативдик жолду салуу популисттик кадам болуп калган эмеспи? Эгер ал транзиттик жолго айлана албаса, ушунча акчаны коротуунун зарылчылыгы бар беле?

— Негизги максат катары түштүк аймак менен Ысык-Көлдү байланыштырган кыска жол болсун дегенге басым коюшкан. Жалал-Абаддан чыккандан кийин Балыкчыга жеткиче жолдун узундугу 420 км болот экен. Ушул жол аягына чейин чыгып калса жай мезгилинде Ысык-Көлгө эс алууга келгенге ыңгайлуу болот. Бир гана Кыргызстандын түштүк аймагында жашаган элге гана эмес, толук Фергана өрөөнүндө жашаган эл кереметтүү көлгө келгенге жеңил болот. Дыйкандар жер-жемиштерин жайкы сезондо Ысык-Көлгө келген эс алуучуларга алып келип сатып алганга жеңилдик жаралат. Жолду салуу туура же туура эмес болгон деп баа берүү негизги маселе эмес. Негизги маселе катары жолду бүтүрүүнү караш керек. Эгер жол бүтпөй калса акчаны шамалга чачкандай болуп калабыз. Президент эң жогорку кызмат адамы болгондуктан өзүнө тийиштүү чечимди өзү кабыл ала алат. Чечим кабыл алып, жолду баштап, ушунча акча короткондон кийин иш туура эмес башталып калган деп олтурбастан бүтүрүшүбүз керек. Мен бул маселени көтөрүп жатканымдын себеби да тышкы карызыбыз чоң болуп тургандыктан, жолду бүтүрүүгө калган акча табылабы деген болууда. Сооронбай Жээнбеков да президент катары өзү жаңы долбоорлорду алып чыга алабы? Ошондой иштерди жасайбы же жасабайбы? Өзүм долбоор алып чыгып, ошону бүтүрөм десе, бул жол жарым-жартылай бойдон калып калабы? Бул жерде эсептей турган көп маселелер турат. Жаңы президент деле бир команда болуп иштеп жатпайбы. Андыктан улантып кетет болуш керек. Бирок, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акчаны кайдан алат деген да маселе бар.

— Бизде мурунку президенттер баштаган ишти кийинкиси бүтүрбөй коймой жаман адат бар эле. Бакиев ишти баштап, Камбар-Ата‑2 ГЭСинин биринчи агрегаты коюп кеткен бойдон иш алдыга жүрбөй токтоп турат. Атамбаев деле ошол ГЭСтин экинчи агрегатын коюп койсо чоң иш жасаган болмок да?

— Азыр кырдаал башкача болуп калды. Эки дос бири-бирине бийликти өткөрүп берди. Алмазбек Атамбаев деле инаугурация учурунда дагы тартынбай, ачык эле “Досум” деп айтты. Достор бир команда болуп, жолду аягына чейин бүтүрөт деген ойдомун. Кийинки президент бүтүрбөй кала турган болсо туура эмес болуп, кеткен чыгымга бирөө жооп бериши керек болот.

— ГЭСти толук бүтүрүп кеткенде, Атамбаев ушул ГЭСти толук бүтүрүп кыргыз эли үчүн чоң иш жасаган деп мактоого алынмак…

— Биздин трагедия ушунда болуп жатат. Биринчиси баштаган ишти экинчиси бүтүрбөй жатат. Чындыгында ГЭСти куруу Бакиевдин чөнтөгүнөн каражат кеткен эмес. Мамлекеттин эсебинен каржыланып, чоң долбоор болуп башталгандан кийин аны дагы толук бүтүрүп койгондо жакшы болмок.

— Сиз буга чейин Атамбаев президент болуп турганда дагы аны мактап-жактап сөз сүйлөбөдүңүз эле. Ал кызматын тапшырып кеткенден кийин анын атын жолго берели деп демилге көтөрүп жатасыз. Ал кишиге жагып, бир ишти бүтүрүп алайын деген ойго жетеленген жоксузбу? Сизди Акаевди сатып кетти деп да айтып чыгышпадыбы?

— Мен Аскар Акаевичти ушул кезге чейин кандай урматтаган болсом, азыр дагы ошондой эле урматтайм. Акаевди эч качан саткан эмесмин, сатпайм дагы. Ал киши менен ар дайым сый-урматта кала беребиз. Бул жерде Акаевди сатып, Атамбаевге жакшы көрүнүүгө эч кандай муктаждык деле жок. Эгер Атамбаев президент болуп турган болсо ушул демилгени айтсам, ошондо өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар экен, Атамбаевге жагалданды деп айтса жарашат эле. Мен өзү баштаган долбоорду аягына чейин чыгарта алабы деген демилгени көтөрдүм. Бул ойлонулган деле ой эмес болчу. Комитетте маселе каралып жатканда жол аягына чейин чыкса деген ой менен айтылды. Акаевди Атамбаев менен алмаштырат деген таптакыр эле орунсуз ой.

— Сиз эки дос бири-бирине бийлик өткөрүп берди деп айтып жатпайсызбы. Бирок, жаңы президент шайланып келгенден кийин Өкмөт башчысынан баштап баары кызматтан кетип, кайрадан дайындалышы керек болчу да. Бизде эски команда өзгөрүүсүз калып, элдин ишенимин азайтып жатпайбы?

— Биз бир президент экинчи президентке бийлик тапшырып жатканда өкмөт баштаган курамдын алмашуусу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышыбыз керек. АКШда жаңы президент шайлоодон уткан соң, инаугурацияга чейин бийликте олтурган чиновниктердин баары кызматтан кетишет. Жаңы президент ага чейин өзүнүн командасын кызмат ордуларына коё баштайт. Инаугурация күнүнө чейин акыркы начальниги калат да, жаңы президент ант бергенден кийин ал дагы кызматтан кетет. Андан кийин жаңы команда келет. Бул жерде болсо спикер кызматын таштап кетсе, премьер-министр болсо ордунда олтурат. Мүмкүн дос катары ушундай чечимге келишкендир. Бирок, дос катары калган кезде дагы баардыгы кызматтан кетип, кайрадан дайындалышы керек болчу. Андай болсо жаңы президент өкмөт башчы болуп иштеген адамды кайрадан иштегенге Указ чыгарабы бул башка маселе.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: