Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жөө жүрүш өттү.
Митингчилердин көпчүлүгү тарап кетишти, 20 чакты адам Ала-Тоо аянтында калды. Алгач жөө жүрүшкө 500гө жакын адам катышкан.
Модератор Улан Усөюн митингчилерди тарап кетүүгө чакырды. Анын айтымында, эч кандай жыйынтык болбосо, алар кайрадан митингге чыгышат.
Митингге чыккандар Ала-Тоо аянтындагы “Манас” эстелигине жетишкен. Алар плакаттарды көтөрүп, Конституцияны өзгөртпөөнү талап кылышкан.
Тынчтык жүрүшү Темир жол бекетинде саат 12:00дө башталган. Андан кийин жөө жүрүштүн катышуучулары парламент имаратын көздөй жөнөшкөн болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ