Menu

Арстан Кадыров, айыл чарба боюнча эксперт: “Жакшы лабораториялардын жоктугунан экспортко чыгалбай аксап жатабыз”

Бөлүшүү:

– Өндүрүлө турган жаңы азык катары гречка өстүрүп, айыл чарбабызга жаңылык киргендей болду эле…

– Гречка боюнча айтсак, эки жылдай убакыттан бери баасы өтө төмөндөп кетти. Мисалы, аны өндүрүүдөгү баасы 35 сом турса, азыр гречканы дүңүнөн алсак 20 сом болуп турат. Кайра банкротко алып келет. Себеби, биздин рынок кичинекей, башка бааны коё албайбыз. Орусия болсо андай чыгымдар үчүн компенсация төлөп берип жатат. Андыктан гречка өстүрүү учурда пайдасыз болуп турат.

– Бүгүнкү күндө жашылча-жемиштерди экспортко алып чыгуу кандай жүрүп жатат?

– Жашылча-жемиштер акырындан кетип жатат. Бирок жакшы лабораториялардын жоктугунан дале аксоодобуз. Экспорт өтө эле аз. Мисалы, кошуна Кытай өлкөсү биздин көп азыктарыбызга кызыкдар, бирок алардын талабына, стандартына жооп берген сертификациялоо бизде жок.

– Күз мезгили келгенде эле лабораториялардын жоктугу тууралуу маселе жаралып, тонналаган жашылча-жемиштердин чек арадан кайра кайтарылганы кейиштүү…

– Бул маселени өкмөт гана жакшылап колго алып, чечиши керек. Кичине жылыштар болгонсуйт, бирок өтө жай жылыш. Мындай жүрүш менен жакынкы жылдары дыйкандардын маңдай тери акталбайт го деп кейийсиң.

– Ал эми картошкабызга кызыкдар болгон өлкөлөр барбы?

– Сортуна карабай айдаган дыйкандар көп. Мындай учур көп пайда алып келе бербейт. Чипсы, картошка фри жасоо үчүн атайын сорттор бар. Мындай сортторду жайылтып, дыйкандарга туура багыт берилип өстүрүлсө, андай азыктарды даярдоочу заводдор болсо, кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономикабызга да салым кошулуп, дыйкандар дагы азыгын жакшы баага өткөрүп, айтор, баардык тараптан жеңиш болмок. Сактоо мөөнөтү да узагыраак болуп, жайбаракат экспортко кете бермек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: