Menu

Фото – “Сосновка” постунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн тапанча табылган

Бөлүшүү:

Жайыл районундагы “Сосновка” стационардык постунда эркек кишиден тапанча табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 30-июнда болжол менен саат 19:30да Жайыл РИИБнин кызматкерлери “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны текшеришкен. 1991-жылы туулган Т.М. аттуу айдоочудан белгисиз тапанча табылып, алынган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (“Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча Кымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондой эле Т.М.  уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турганы аныкталган.

Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: