Menu

Ак чөп башта, Дастан мырза!

Бөлүшүү:

“2016-жылдын 18-июнунда биздин “Кyrgyztoday.kg” интернет сайты  Дастан Бекешев, ЖК депутаты: «Мен Мавлян Аскарбековдун деңгээлине түшкүм келбей кетип калдым” аттуу маалыматты “Fakt.kg”  сайтынан алып жарыялаганбыз. Анда депутат Дастан Бекешев активист Мавлян Аскарбековдун деңгээлине шек келтирген пикир айтты деген максатта,  активист Мавлян Аскарбеков бизге кайрылып, калыстык үчүн анын да Дастан Бекешев тууралуу позициясын жарыялап берүүнү талап кылды. Биз эки тараптуулукту эске алып, Мавлян Аскарбеков жөнөткөн “Мавлян Аскарбеков: «Сторонники депутата СДПКовца  Дастана Бекешева назвали несогласных членов общества инвалидов МУСОРОМ и начали рукоприкладствовать, избивать, выгонять» аталыштагы маалыматты 2016-жылдын 19-июлунда жарыялаганбыз.

Бул материал боюнча депутат Дастан Бекешев активист Мавлян Аскарбековду жана биздин “Кyrgyztoday.kg” интернет сайтын сотко  берди.  Ал маалымат биздин журналисттер тарабынан жазылган эмес, активист Мавлян Аскарбеков кандай мазмунда жазып берсе ошол мазмунда жарыялаганбыз. Ошондуктан биз өз ара жарашууга макулбуз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешевден жана “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинен  расмий түрдө кечирим сурайбыз.

“Кyrgyztoday.kg” интернет сайтынын редакциясы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: