Menu

“Ата Мекен” партиясы кол салуу боюнча милицияга кайрылууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” партиясынын штабы милицияга кайрылууга ниеттенүүдө. Партиянын катчылыгы журналисттерге билдиргендей, 21-ноябрда саясий партиянын башкы кеңсесине кол салуу болгон.

Саясий партия Башкы прокуратурага дагы арыз беребиз дешти, анткени алар бул провокацияны Садыр Жапаровду колдобогондорго жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду колдобогондорго каршы террор деп эсептешет.

Эскерте кетсек, 21-ноябрда Бишкекте белгисиз адамдар “Ата Мекен” партиясынын штабына келип, ал жерде жаңжал чыгарышкан.  20 чакты адам саясий партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаевден элден кечирим сурашын талап кылышкан.

Өмүрбек Текебаев так кайсы нерсе үчүн кечирим сурашы керек экендигин айтышкан эмес. Бир нече убакыт өткөндөн кийин белгисиз адамдар кетип калышкан.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев жаңы Конституциянын долбооруна каршы чыгып, андан баш тартуунун зарылдыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: