Menu

Төрт жылда “бир айтылчу жомок” бүттү

Бөлүшүү:

Москвадагы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюну өтө кызыктуу өттү. Чейрек финал, жарым финал же 3-орун үчүн болгон салгылашта «ит жыгылыш» болуп, овертайм дагы, пенальти дагы болгондой абалга жетишкен жок. Оюн негизги убакытта эле жаңы чемпионду аныктады. Анын аяктаганына 5 күн өтсө да аталган чемпионаттын күңгө-тескейинин күнү али бата элек…

«Ап!»дегенде эле, оюндун 18- мүнөтүндө француздардын атаандаштарынын дарбазасына карата багытталган тобу Хорватиянын чабуулчусу Марио Манджукичтин бутуна тийип, чабуулчу өз дарбазасына топту киргизип алды. Эсеп ушинтип ачылды. Таблодо 1:0. Көп өтпөй хорваттардын жарым коргоочусу Иван Перишичтин алыс аралыктан тепкен таамай тобу француздардын дарбазасынын устуну менен шыргайы ашташкан бурчуна барып кирди. Эсеп 1:1. Тилекке каршы Франциянын пайдасына жаралган кийинки гол хорваттардын дарбазасынын так түбүнөн андан мурун эле эсепти тамшандырган соккусу менен теңеген И. Першичтин колуна тийип, ал 11 метрлик айыпты жаратып алды. Колго түшкөн мындай «коёнду» франциялык чабуулчу А. Гризман коё берген жок. Эсеп 2:1. Француздар кайрадан алдыга чыкты. 59- мүнөттө француздардын жарым коргоочусу Поль Погба дагы бир мыкты голду жаратты. Эсеп 3:1. Арадан 7 мүнөт өтүп-өтпөй К. Мбаппе хорваттардын дарбазасына жана да бир топту киргизип салды. Бали! Андан төрт мүнөт өткөндөн кийин француз дарбазачысы Уго Льористин өтө калпыс катасынан улам, башында өз дарбазасына автогол жаратып М. Мандукич чеберчилик менен пайдаланып топту Льористин алаасынан акырын гана өткөрүп эсеп санын 4:2 ге жаңыртты.

Бул оюнду көрүүгө стадионго 78011 күйөрман келди.

Акыры тартипте белгиленген убакыт да тамам болду. Ошентип, Франциянын курама командасы хорваттардын дарбазасын төрт ириет «жыртышып», арадан 20 жыл өткөндөн кийин футбол фанаттарын таңыркатчу жаңы бийиктикти жаратышып экинчи жолу «Алтын кубокту» бөктөрүп кетишти…

Франция дүйнөнүн чемпиону!

Жарыктык жаратылыш да оюн куп аяктаганда, акыркы аккордунда чемпионаттын жогорку деңгээлде өткөнүнө алкышын билдиргендей нөшөрлөтө жамгырын төгүп жиберди, ов! Ошол эле учурда АКШнын президенти Д. Трамп дагы өзүнүн «Твиттер» баракчасына аталган чемпионаттын мыкты уюштурулганына ыраазычлыгын билдирген пикирин жазып чыкты. Анан да Франция курама командасынын жеңиши француз элинин улуттук майрамы болгон — Бастилияны алуу күнүнө удаа келгени болду. (14 июль, 1789-жылы Улуу француз революциясы Бастилия чеп зынданын талкалап, абсолюттук эзүүчү бийликти кулаткан күн) «Жомок кызыктуу бүттү» дегенибиздин бир себеби да ушул…

Булак: Айгай Пресс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: