Быйылкы январь-март айларына капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы 171 миллион. 188 миң сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу өсүү 157,6 пайызды түздү. Мамлекеттик мүлктүн эсебинен капиталдык салым колдонулбады. Ал эми жеке менчиктер эсебинен иштетилген капиталдык салымдар 44 миллион 775 миң сом болуп, жалпы көлөмдүн 26,2 пайызын түздү.
Жеке курулуш мекемелердин эсебинен 2018-жыл ичинде капиталдык салымдын көлөмү 126 миллион 412 миң сом, же болбосо 2017-жылга салыштырмалуу өсүү 73,8 пайызды түздү.
Курулган турак жайлардын аянты да көбөйдү, мисалы, 2017-жылдын жарымында анын аянты 7206 чарчы метрди түзгөн болсо, быйылкы жарым жылда 10 миң 140 чарчы метрди түздү. Демек, өткөн жылдын жарымына салыштырмалуу 2934 чарчы метрге көп болуп, өсүү темпи 140,7 пайызга жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ