Menu

“Кыз жигит сармердени” шайыр жеңе издейт

Бөлүшүү:

Көпчүлүк сүйүп көргөн «Кыз-жигит сармердени» берүүсүнө шайыр жеңенин ролуна сынак жарыяланды. Долбоордун режиссёру Сагын Ниязалиева: “Кастингге катышабыз деген эл арасындагы таланттуу айымдар да, артисттер да болуп жатат. Эми кимисин тандайбыз ал кастингде чечиле турган маселе. Негизи Гүлбү Ороскул кызы каза болгондон кийин такыр эле көңүлүм калып, моюнум жар бербей долбоорду тартпайм го деп ойлогом. Бирок жетекчилер тартыш керек, тирүүлүк улана берет дешти. Албетте, адамды алтын сандыкка катып койсоң деле ажал келсе алып кете берет. Андыктан долбоордун күйөрмандарын сүйүндүрүп биринчи эфирди Нооруз майрамына карата пландап жатабыз”,- деп билдирди. Кошумчалай кетсек, «Кыз-жигит Сармердени» долбоорунун алгачкы алпаруучусу Гүлзат Батырканова 2015-жылы январь айында көз жумса, андан кийинки шайыр жеңе Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын октябрь айында каза болгон.

Булак: Супер Инфо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: