Ооганстандын түндүгүндөгү Дерзап районунун борбору жана бир канча мамлекеттик мекеме алгачкы жолу «Ислам мамлекети» тобунун карамагына өттү. Бул тууралуу аймактык кеңештин депутаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда анда өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын ортосунда салгылаш уланууда. Согуштук аракеттердин жыйынтыгында миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
Ошол эле маалда аймактык полициядан азырынча ИМ тобу Дерзан районун толук басып ала электигин билдиришти.
“Район толугу менен алардын карамагына өтө элек. Ооган күчтөрү жоочуларга каршылык көрсөтүп жатат. Согуштук объектилер ооган күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Дерзапка кошумча аскерлерди жөнөтүп жатабыз”, – деди аймактык полициянын башчысы.
Түндүк Ооганстандын аймактык кеңеш өкүлдөрүнүн айтымдарында, жегиликтүү армия ИМ тобуна каршылык көрсөтүүгө аракет кылганы менен борбордук өкмөттөн жардамдын жоктугунан исламчылар көптүк кылууда. “Эгер борбордук өкмөт өз убагында жардам жөнөтпөсө, анда провинциянын борбору Шибирганга дагы чабуул болушу мүмкүн”, – деди алардын бири.
Жергиликтүү аткаминерлер аймактагы Фарьяп, Жовузжан жана Серпул провинцияларында «Өзбекстан ислам кыймылынын» да согушкерлери бар экенин билдиришүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ