2017-жылдын 10-октябрында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Тоолук Ыйгарумдуу Элчиси Э.Бейшембиев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министирлигине караштуу сооданы илгерилүү боюнча малекеттик агентигинин Директору Халид Расул менен жолукту. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташуусунун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык алакаларды камтыган маселелерди талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Пакистан мамилелеринине учурдагы абалына жогорку баа берип, тараптар өз ара соода кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктык жаатында жетишилген келишимдерди иш-жүзүнө ашыруу үчүн натыйжалуу чараларды көрүү жана кадамдарды жасоого даярдыгын билдиришти.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ