Мындан үч жыл мурун «Мыйзамдагы ууру» А.Батукаев Кыргызстандын мыйзамына «туураланды» кылып бир күндүн ичинде соту болуп, бир күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кеткен. Алдын ала паспорту да даярдалып. Аны тээ Нарындан Бишкектеги аэропортко чейин погонунда чоң жылдыздары бар күч органдарынын кызматкерлери коштоп келгеничи? Кудум президенттин кортежиндей кылып. Анан кызыл килем төшөлгөн вип залдан өткөрүп, (соттун чечими чыга электе эле) небак даяр турган «Челленджер-300» деген менчик учакка отургузуп, узатып ийишкен. Ошондо, мамлекеттик кызматтагы бир эмес, бир нече адамдардын өлүмүнө түптүз тиешеси бар Батукаев кыргыз бийлигин кыдырата тизип, «лезгинка» бийлетип кеткендей эле болгон. Шермендебиз чыккан бул окуянын маселеси боюнча эртеси Жогорку Кеңештегилер сапырылып эле жатып калды. Ач айкырык, куу сүрөөн түшүп. «Кыргызстандын имиджине доо кетти, бул жерде чоң күчтөрдүн катышы болгон» дешип. Айтмакчы, бир нече күнгө созулган ошол парламенттеги ызы-чууда «криминал менен аёсуз күрөшөм» деген Ө.Текебаевдин карааны көрүнгөн эмес. Бешиктеги балага деле белгилүү болгон. Бул чоң «оюнда» жөнөкөй судья анчалыкка бара албастыгы. Мындай иштер бийликтеги «криминалдык схема» деп аталат. Ошого карабай андагы табышмактуу соттук отурумга төрагалык кылган сот Жапар Эрматов гана «сары улак» катары садага чабылган. Ошол Ж.Эрматов жакында сотторду тандоо кеңешинин сынагынан сынбай өтүп, эң жогорку баллды алыптыр. Эми ал кароодо сунушталган Нарын облусундагы район аралык соттун судьясы болуп калышы толук мүмкүн. Бул туурасында О.Текебаев президентке кат жолдогону айтылууда. «А.Батукаевди бошотуп жиберген сот кайрадан судья болгону жатат. Өткөрбөңүз» деген мааниде. Бир чети Ө.Чиркешовичтики туура дечи. Бирок, айттык го, «мындай ишти жөнөкөй бир судья жасай алмак эмес» деп. Демек, бул жерден Ө.Текбаев президентке жазган каты аркылуу «бир ок» менен бир нече «мишенди» көздөп жаткан жокпу?..
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ